Редакцияот 22.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-июлу № 120

2015-жылдын 4-майындагы Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №107 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Акман айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Т.Жолдошовдун билдирүүсүн, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 24.06.2015-жылдагы 481-11/1-Зд-15 сандуу каршылык билдирүүсүнө жана туруктуу комиссиянын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жараке айылындагы парк эсебинде турган 0,40 га жер аянты парк эсебинен чыгарылып, бала бакча куруу үчүн ажыратып берүү боюнча 2015-жылдын 4-майындагы Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №107 сандуу токтому Кыргыз Реепубликасынын Жер кодексинин талаптарына каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Реепубликасынын "Кыргыз Республикасьтнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 29-беренесине ылайык расмий жарыялоо жана адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Акман айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Акман айылдык кеңешинин

төрагасы милдетин аткаруучу

 

Т.Р. Жолдошов