Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVIII сессиясы
2013-жылдын 22-октябры № 18/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдын 9 айынын жыйынтыгынын абалы жана алдыдагы милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 1,б пунктунун 48-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдын 9 айынын жыйынтыгынын абалы жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Рысбековдун отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдын 9 айынын жыйынтыгынын аткарылышынын абалы жана алдыдагы милдеттери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековдун отчету канаттандырарлык деп табылсын жана айтылган сын-сунуштардын негизинде алдыда өткөрүлө турган имш чаралардын программасына толуктап, кайрадан иштеп чыгышсын.
2. Алдыда аткарыла турган иштер боюнча толуктапа түзүлгөн иш чаралардын програм-масынын негизинде айылдык Кеңештин аймагын стратегиялык өнүктүрүүгө, агрардык секторду реформалоого, жерди натыйжалуу пайдаланууга, ирригациялык системаларды оң абалда кармоого, малдын жана үй канаттуулардын башын сактоого жана көбөйтүүгө, күзгү талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүгө болгон техникаларды сапаттуу пайдаланууга, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө, аларга шарт түзүүгө, түз инвестирлөө булактарын тартууга көңүл буруу жактары айыл өкмөтнүн башчысы Т.Рысбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин курулуш, транспорт, соода, байланыш, инвестиция, энергетика, социалдык – экономикалык онугуунун болжолдуу багыттары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |