Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVIII сессиясы
2013-жылдын 22-октябры № 18/2
Кеңеш айылдык Кеңешинин аймагындагы калкты 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде кургак отун менен камсыз кылуу жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин аймагындагы калкты 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде кургак отун менен камсыз кылуу максатында депутаттардык Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык Кеңешинин аймагындагы Пор,Кеңеш айылдарынын калкын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде кургак отун менен камсыз кылуу боюнча жайыт эсебиндеги “ Бөрүкөрбөс” учаскасынан 2 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Калккка сатылган кургак жыгач отунунан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн кассасына кириш болсун.
3. Калкка сатылган жыгач отунун 1 кубу 500 (беш жүз) сом деп баалансын.
4. Кенеш айыл өкмөтүнүн аймагынан сырткары ( башка) калкка жыгач отуну сатылбасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана токой эрежелерине ылайыктап, экологиялык талаптарын сактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кулековго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |