Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVIII сессиясы
2013-жылдын 22-октябры № 18/3
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетине жана төлөм каражатына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Акматалиев атындагы орто мектебинин алдындагы балдар бакчасы АБРдин дол-боорунун негизинде каржылангандыгына байланыштуу атайын төлөм каражатына өзгөртүүлөр жана толуктоолор сом өлчөмүндө киргизилсин ( тиркеме тиркелет).
2. Балдар бакчасындагы балдарга бир ирет шашке тамак берүү үчүн ата-энелерден топтолгон каражаттын эсебинен атайын төлөм каражатына 80 миң сом өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет).
3. Зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу айрым иштелбеген статьялар зарыл болгон статьяларга жылдырылсын ( Тиркеме тиркелет).
4. Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын депутаттардын Кеңеш айылдык округдук Кеңешинин бюджет, социалдык маданий, коммуналдык менчик,маалымдуулук,жаштардын иши боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |