Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVIII сессиясы
2013-жылдын 22-октябры № 18/3
Европалык Биримдик менен Бириккен Улуттар Уюмунун “Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак ниет башкарууну илгерлетүү” биргелешкен долбоорунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы административдик-аймактык Концепсиясынын 1.6 бөлүкчөсүндө белгиленген “Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кол жетерлигин камсыздоону” ишке ашыруу боюнча депутаттардые Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору типтүү жобого ылайык түзүлсүн.
2. Айыл өкмөтүндө борбордун иштеши үчүн ылайыктуу ишти уюштуруу бөлмөсү бөлүштүрүлсүн.
3. Борбордун ишмердүүлүгүн камсыздоо жоопкерчилиги тийиштүү муниципалдык кызматкерге бекитилсин.
4. Борбор аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарынын стуруктуралык мекемелеринин тизмелери такталсын.
5. Борбор аркылуу көрсөтүүлүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тизмеси түзүлсүн жана бекитилсин.
6. Борбор аркылуу көрсөтүлүчү кошумча кызматтардын тизмеси түзүлсүн жана бекитилсин.
7. Кызмат көрсөтүү борборунун жалпы ишмердүүлүгүн камсыздоо Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана дин иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сабаевге тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |