Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-апрели № 4-1
Айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасы Б Мамашовдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып «Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу №30 мыйзамына 1-берен. 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Савай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу № 30 мыйзамынын 1-берен. 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти сындоо, кеңештин иштери жана депутаттык иштер жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Савай айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Мамашов |