Редакцияот 13.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бүлөлү айылдык кеңешинин ( 5-чакырылышынын) 9–заседаниеси

 

2013-жылдын 13-апрели № 2/4

Бүлөлү айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигин жана 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык тилде билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет» деп көрсөтүлгөндүгүнүн негизинде Бүлөлү айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Айылдык кеңештин аймагында жашаган адамдардын бардыгы мамлекеттик тилде белгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого, жазууга жол берилсин.

1. Бүлөлү айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана каргоо, расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция министлингине мамлекеттик реестрин киргизүгөө жөнөтүлсүн

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Бүлөлү айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Р.Сарыбаев