Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 1
Үч-эмчек айылында ремонту бүтпөй турган бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөзүп, бала бакча ачуу жөнүндө
Үч-Эмчек айылында ремонту бүтпөй турган бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөзүү үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор жазууга, Үч-Эмчек айылында бала бакчанын жоктугун эске алып, Кууганды айыл өкмөт башчысы С.Суюнтбековдун сунушун карап, талкуулап депутаттардын Кууганды айыл Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү гранттар бөлүмүнө Үч-Эмчек айылында ремонту бүтпөй турган бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөзүү үчүн долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууда Кууганды айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү 333 211 сом же 10%тик өздүк салымды 2015-жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл өкмөт башчысы С.Суюнтбековго милдеттендирилсин.
3. Долбоор жазуу,долбоорду ишке ашыруу, быйылкы жылы 80 бала тарбиялануучу бала бакчаны ачуу жана жаңы 10 жумушчу оруну менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Суюнтбековго милдеттендирилсин.
4. 2014-жылдан калган эркин каражаттын эсебинен 170 000 (жүз жетимиш) миң сом айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына бөлүнүп, долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуш мекемесинин эсебине которулуп берилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Сейиталиев О. |
Катчысы: | Муратова Р. |