Редакцияот 12.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2014-жылдын 12-декабры № 5

Авлетим айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Авлетим айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесиие таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авлетим айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (кыргызча) гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча бангкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo..go_v. kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Авлетим айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Авлетим айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Жээнкулов Кутманалыга милдеттендирилсин.

 

Авлетим айылдык

кеңештин төрагасы

 

С. Атантаев