Редакцияот 23.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-январы № 01-7/02

Кара-Бак айылынын тургуну К.Нуралиеванын 0,17 га жер аянтын өзүнө бекитип берүү жөнүндө

Кара-Бак айылынын батыш жагында Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын мамлекеттик чек арасында жанаша жаткан 0,17 га турак жай категориясындагы жер аянтын Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко болгон укуктарды каттоо башкармасынын 22.01.2015-ж №01-6/39 сандуу чыгыш катынын негизинде жана Кара-Бак айылынын тургуну Нуралиева Канышайдын коп жылдан бери пайдаланып жүргөндүгүн эске алып, турак жай куруу үчүн бекитип беруу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылынын батыш жагында Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын мамлекеттик чек арасында жанаша жаткан 0,17 га жер аянтын Кара-Бак айылынын тургуну Нуралиева Канышайга турак жай куруу үчүн бекитип берүү жагы Кара-Бак айыл окмотуно сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков