Редакцияот 23.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-январы № 01-7/03

2015-2017-жылдарга кара-Бак айыл аймагынын (орто мөөнөттүү) Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасыныы Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 "2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу онуктуруунун улуттук стратегиясы" жөнүндөгу Жарлыгын ишке ашырууда Кара-Бак айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү пгрограммасы бекитилсин.

2. "2015-2017-жылдарга Кара-Бак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында" кабыл алынган иш-чараларынын планы жактырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык Кенешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Ажыкабыловго милдеттендирилсин.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков