Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V шайланган) № 12-сессиясынын жыйналышы
2015-жылдын 16-февралы № 12/1
Сары-Булак айылдык округунун 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айылдык округунун 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга каралган бюджета жөнүндөгу маселени угуп жана талкуулап Депутатгардын Сары-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл окмотунун 2014-жылдагы киреше болугу 8235,2 мин сомго, чыгаша болугу 8201,9 мин сомго же болбосо кирешенин чыгашадан 33,3 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылганы белгиленсин.
2. 2015-жылга Сары-Булак айыл окмотунун бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 6575,7 мин сом олчомундо бекитилсин.
3. 2015-жылга райондук бюджеттин кирешелеринин тузуучу булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. (тиркеме тиркелет). Айыл окуругунун чыгаша болугу 2015-жылга тушкон кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
4. Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл округунун башчысына тапшырылсын.
5. Бекитилген бюджеттин аткарылышын жана сарамжалдуу сарпталуусун козомолго алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык кеңештин төрагасы |
Кенжебаев А. |