Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
2014-жылдын 25-сентябры № 27/1
Кадамжай шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жана жашы жете элек өспүрүмдөр арасында жаракат алуунун укук бузуучулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иштер жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши Кадамжай шаарынын участкалык инспектору К. Эргешовдун, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору И. Турабаеванын кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалыматтарын угуп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык участкалык инспектору К. Эргешовдун , ЖЖИ инспектору И. Турабаеванын маалыматтары көңүлгө алынсын. (Тиркеме тиркелет).
2. Кадамжай шаарындагы КАБнун (кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча борбор) ишин жандандыруу максатында Аксакалдар соту, аялдар Кеңеши, жаштар уюму мектептердин социалдык адистери менен биргеликте иш чара иштеп чыгуу жагы Кадамжай шаардык мэриясына сунушталсын.
3. Кадамжай шаарындагы КАБнун (кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча борбор), участкалык инспекторлордун кабинеттерин рементоого, оргтехника сатып алууга смета түзүп шаардык кенештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына киргизүү жагы мэрияга ( Т.Камбаровго ) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кенештин каржы, бюджет жана пландоо жана Регламент мыйзамдуулук боюнча туруктуу
Төрага | Б. Бегалиев |