Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
2014-жылдын 25-сентябры № 27/2
Кадамжай шаарындагы мектептердин жана бала-бакчалардын кышка даярдыгы жөнүндө
Кадамжай шаарынын вице-мэри Ч. Тагаевдин жана Кадамжай шаардык Кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттарынын Кадамжай шаарындагы мектептердин жана бала-бакчалардын кышка даярдыгы жөнүндөгү маалыматтарын угуп чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын вице-мэри Ч. Тагаевдин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Кадамжай шаардык мэриясына (Т. Камбаров) бир айлык мөөнөттө мектептердин бала бакчалардын кышка даярдыгын бүтүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык Кенешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |