Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылыш кезексиз ХХVII сессиясы
2014-жылдын 25-сентябры № 27/3
Кадамжай шаарынын Каражантак участкасындагы жеке турак жай үчүн трансформацияланган жерлердин аянтын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32.33 беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 жылдын 6 майындагы № 177 токтомуна негиз Кадамжай шаарынын аймагындагы Каражантак участкасындагы жеке турак жай үчүн трансформацияланган жерлердин аянтын бекитүүнү талкуулап, жерлердин шаардан алыста жайгашканын, суусуз таштак экендигин жана шаардык кеңештин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Каражантак участкасындагы трансформацияланган жерлер 2015 жылдан 1 апрелинен баштап жеке турак жай салуу үчүн шаардын тургундарына 0,12 га дан генпландын негизинде бөлүп берүү жагы Кадамжай шаардык мэриясына жүктөлсүн.
2. Орозбеков айыл өкмөтү тарабынан 2012 жылдын 27 сентябрынан, Каджамжай шаары түптөлгөндөн кийин турак жай куруу үчүн чыгарылган токтомдорду териштирүү жана мыйзамдуулук жагын карап чыгуу шаардык кеңештин жер, куурулуш жана транспорт, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Жер тилкелерин генпландын негизинде бөлүп берүү жагы Кадамжай шаардык мэриясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |