Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
2014-жылдын 25-сентябры № 27/4
Кадамжай шаарынын тургундарын үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу максатында долбоорун даярдоо жөнүндө
Кадамжай шаарынын тургундарын үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу максатында Кадамжай ОПКТЖК нын башчысы Р.Салаевдин жана Кадамжай шаардык Кеңешинин бюджет, каржы жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын тургундарын үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу максатында тийиштүү кызматкерлер тарабынан изилдөө жүргүзүп долбоорду даярдоо жагы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровго милдеттендирилсин.
2. Долбоорду даярдоого жергиликтүү бюджеттен изилдөө иштерине 50 000 (элүү мин) сом шаардык мериянын бюджетинен ажыратып берүү жагы Кадамжай мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Жумамтовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кенештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |