Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 1
Айыл кеңешинин сессияларында иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Долоно айыл аймагында «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын аткарууда айылдык аймактык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) жүргүзүүнү карап чыгып, Долоно аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айылдык аймагында жашаган айылдардагы жарандардын дээрлик бардыгы кыргыз тургундар болгондуктан Долоно айылдык аймактык Кеңешинин иш кагаздары мамлекеттик тилде-кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы Долоно айылдык аймактык кеңешинин жооптуу катчысына (О.Ибраимовго) жүктөлсүн.
Долоно айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Аманбеков |