Редакцияот 06.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIV сессиясы

 

2015-жылдын 6-ноябры № 5

Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылынын тургуну Дадаев Манастын жер үлүшүнүн четине жол боюна тынымсыз акыр-чикирлерди төгүп кеткенине байланыштуу көзөмөл кылуу жана пайдаланууга берүү жөнүндө

Сарай айылдык өкмөтүнүн Киров айылынын тургуну М.Дадаевдин үлүш жеринин четине жол боюна тынымсыз акыр-чикирлерди төгүп кетип жатканына байланыштуу көзөмөлдөп жана пайданлануу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Киров айылынын тургуну М.Дадаевдин үлүш жеринин четине жол боюна тынымсыз акыр-чикирлерди төгүп кетип жатканына  байланыштуу көзөмөлдөп туруу үчүн контейнер коюуга уруксат берилсин.

М.Дадаевге жер үлүшүнүн четине жол боюна акыр-чикирлерди төктүрбөө жана ошол жолдун боюна убактылуу унаа жуучу жай куруп ошол жердин тазалыгын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Салимов