Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIV сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № 8
Сарай айыл аймагындагы атулдардын Присавай айылындагы кайракы жер үлүшүнөн №9-контурдагы 110,30 га жер тилкеси жөнүндө
Сарай айылдык өкмөтүнүн ижара бухгалтеринин кайрылусунун негизинде мындан мурда №9-контурундагы 110,30 га жери суулу жер деп Сарай айылдык кеңешинен суулу жер деп чыгарылган токтомун жокко чыгаруу боюнча таанышып жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы №9-контурдагы 110,30 га жерди кайракы жер деп табылсын.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайракы үлүш жери деп бекитилсин.
3. Сарай айылдык кеңешиндеги 2014-жылдын 11-январындагы болуп өткөн 12-сессиядагы №1-токтому “Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай участкасындагы №9-контурдагы 110,30 га кайрак айдоо жер аянтын сугат айдоо жер аянтына которуу жөнүндө” чыгарылган токтом жокко чыгарылсын.
4. Ушул жокко чыгарылган токтом боюнча тийиштүү органдарга кайрылып, чара көрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |