Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз ХXII сессиясы
2015-жылдын 17-ноябры № 22-5
Чапаев айылынын тургуну Мамасалиева Дилбархон Махамадаминовнанын менчиги болгон турак- жайында жайгашкан Мечит-медресенин жана имаратка тиешелүү болгон 1260,0 ч.м жер тилкесин багытын өзгөртүп, Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципальдык менчигине өткөрүү боюнча Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июунундагы № 129 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын тургуну Мамасалиева Дилбархан өзүнүн үй-бүлөөсүнө тиешелүү болгон 2280,ч.м. турак-жайынын 1260,0 ч.м. аянтына, 2007-2015-жылдардын аралыгында, өзүнүн үй-бүлөсүнүн жана элдин жардамы менен мечит-медресенин имаратын курдурган. Азыркы күнгө келип мындай диний имараттар мамлекеттин карамагында жана көзмөлүндө болуп жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн талабы жана турак-жай ээлеринин өз арызынын негизинде, атуул Мамасалиева Дилбархандин үй-бүлөөснүн менчиги болгон 1260,0 ч.м. аянтта жайгашкан мечит-медресени Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципальдык менчик балансына өткөрүү зарылчылыгы келип чыккан, ушул себептен жогорудагы обьекттин Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. № 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн № 2, 15,17-бөлүмчөлөрүнүн талаптарына тянып Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги снссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июунундагы № 129 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Чапаев айылынын түргүнү Мамасалиева Дилбархон Махамадаминовнанын менчиги болгон турак- жайында жайгашкан , мечит-медресенин жана имаратка тиешелүү болгон 1260,0 ч.м жер тилкесин багыты социальдык- маданий обьекттин жери багытына өзгөртүлүп, Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципальдык менчигин реестрине алынсын.
3. Муниципальдык менчикке алынган мечит-медресени мыйзамдуу түрдөө өз ишмердигин жүргүзүүсү үчүн, аталган обьекттин юридикалык жактан каттоодон өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинен, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик Комиссиясынан, Кыргызыстан Мусулманарынын Дин Башкармалыгынан жана Ош областы мусулмандарынын казиятынан суралсын.
4. Ушул токтомдун акарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |