Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июлу № 194
Кызыл-Суу айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигин, «ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет деп көрсөтүлгөндүгүн угуп, талкуулап, Кызыл-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен, токтомдор расмий тилде которулбай, Ысык-К\л областынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Бекбоевге тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык кеңештин төрагасы |
М. Алымов |