Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 3
Айылдык Кеңештин депутаттары Стамбаев Ташмаматти,Борбиев Адылбекти,
Ноокен районунун жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйынынын “Ардак грамотасына”, Момошов Өкүмдү
Ноокен районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Айылдык Кеңештин депутаттарын райондук сыйлыка, жана айыл ардагерин райондун ардактуу атуулуна сунуштоо боюнча айтылган депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык Кеъешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштары эске алынсын.
2. Көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен айылдык Кеңештин депутаттары Стамбаев Ташмаматти, Борбиев Адылбекти, Ноокен районунун жергеликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын “Ардак грамотасына” жана Момошов Өкүмдү Ноокен районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
3. Жогорудагы сунушталган жолдоштордун тиешелүү документтерин даярдап тапшыруу жагы айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу А.Ырыскуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы К.Мамыровго жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Мамыров К.М |