Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-июлу № 22/1
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу сарайлардын ээлерин жана жанындагы жер аянтын тактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча текшерүүгө келген аудиттин 16.06.2015-жыл № 01-08/218 катынын негизинде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу сарайлардын ээлерин тактап, комиссия түзүү жөнүндө жер адис С.Сыдыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча текшерүүгө келген аудиттин 16.06.2015-жыл № 01-08/218 катынын негизинде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу айылдардагы сарайларды, жанындагы жер аянттарын, сарай ээлерин тактоо боюнча комиссия түзүлсүн.
2. Сарайларды, жанындагы жер аянттарын тактап, айыл чарба эмес салыгын төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Көбөновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, айыл өкмөтүнүн буйругу менен комиссияны бекитип берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |