Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/9
Семиз-Бел айыл аймагынын Көк-Чолок Чекилдек айылынын ортосуна жаңы салынган жолго жол тоскоолдук (лежачий полицейский) коюуга уруксаат берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Көк-Чолок, Чекилдек айылынын ортосуна жаңы салынган жолго жол тоскоолдук (лежачий полицейский) коюу жөнүндө жер адис С. Сыдыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Чолок, Чекилдек айылынын ортосуна жаңы салынган жолго тиешелүү жерлерге жол тоскоолдуктар (лежачий полицейский) коюлсун.
2. Жол тоскоолдуктарды (лежачий полицейский) коюу жагы Нарын облустук Жол көзөмөлдөө кызматынан, Кочкор райондук № 955 жол ишканасынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |