Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/10
«Датка-Кемин» 500 кВ электр өткөрүүчү линиясын куруу үчүн убактылуу жол салууга жер аянтын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-март 2013-жылдагы «Датка-Кемин» 500 кВ электр өткөрүүчү линиясын куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү № 148 токтомун жана Кыргыз Ресепубликасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 16.07.2013-жылдагы № 252-б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13,25 жана 62-беренелерин жетекчиликке алып, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Датка-Кемин» 500 кВ электр өткөрүүчү линиясын куруу үчүн Семиз-Бел айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба жерлеринен узундугу 10091 м жана жалпы 30842,5 м2 жер аянтка убактылуу жол салынгандыктан аталган жер аянттарды айыл чарба жер аянтынан өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына (трансформациялоо) которууга жана мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтомуна ылайык, жер отчетуна өзгөртүү киргизип, укуктук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап берүү жагы мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү комиссиясынан жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.М. Букамбаев |