МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 4
Ачык типтеги “Кыргызтелеком” акционердик коомунун Ноокен райондук бөлүмү участкасынын имаратынын ээлеп турган жер аянтын бекитип берүү жөнүндөгү каты жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Т. Эгембердиевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Т.Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыла айылында жайгашкан “Кыргызтелеком” ААК Ноокен райондук бөлүмүнщн участкасынын 88 м2 жер аянты жеке менчик укугуна берилбесин.
3. “Кыргызтелеком” ААКнун Ноокен райондук бөлүмүнүн Момбеков участкасындагы имаратынын ээлеп турган 88 м2 жер аянты айыл Өкмөтүнүн балансасында калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Т.Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Мамыров К.М |