МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 5
Айылдык Кеңештин депутаты Мурзакматова Зумурат Залимбековнаны Ноокен районунун жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйынынын “Ардак грамотасына” сунуштоо жөнүндө
Айылдык Кеңештин депутаттарын райондук сыйлыка сунуштоо боюнча айтылган депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштары эске алынсын.
2. Көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен айылдык Кеңештин депутаты Мурзакматова Зумурат Залимбековна Ноокен районунун жергеликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын “Ардак грамотасына” сунушталсын.
3. Жогорудагы сунушталган жолдоштордун тиешелүү документтерин даярдап тапшыруу жагы айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу А.Ырыскуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы К.Мамыровго жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Мамыров К.М |