Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 9/1
Байзак айылдык кеңешинин 8-май 2015-жылдагы №2/1 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
ОсОО «Демилге Плюс ЛТД» ишканасына Кара-Кече көмүр участкасынан убактылуу берилген жер тилкесине БАйзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-май 2015-жылдагы №2/1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө 6(алты) гектар (горный отвов) жер тилкесине кошумча 9 (тогуз гектар (земельный отвод)жер тилкесин берүү боюнча Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кече участкасындагы «Демилге Плюс ЛТД» көмүр казып иштетүүчү ишканасы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын №108 15-апрель 1997-жылдагы буйругу жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенствосу тарабынан берилген лицензия С-04-02 30-март 2008-жылга чейин жер тилкелери берилип көмүр казып иштеп келгендиги белгиленсин.
2. «Демилге Плюс ЛТД» ЖЧКсы участкасынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентигинин кайрадан көмүр казып иштетүү үчүн 2014-жылдын 27-октябрында 3732СЕ (С-04-02) лицензиясын 2018-жылдын 31-августуна чейин убактылуу алгандыктан 2014-жылдын 27-октябырындагы №4 лицензиясын макулдашууга ылайык андагы көрсөтүлгөн координаттардын негизинде аянты 6,0 гектар (горный отвод) жер тилкесин иштетүү үчүн 2018-жылдын 31-августуна чейин убактылуу Байзак айылдык кеңешинин 8-май 2015-жылдагы №2/1 токтомуна толуктоо киргизүү үчүн 9 (тогуз )гектар жер тилкеси (земельный отвод) бөлүнүп берилсин берилсин
3. «Демилге Плюс ЛТД» ЖЧКсы ыктыярдуу түрдө айыл өкмөтү менен бирдикте социалдык пакетти даярдашсын жана айылдык кенештен бекитишсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Төрага | Б. Шурубеков |