Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 10/1
Байзак айыл аймагынын жергиликтүү каражат эсебине 2015-жылдын 1-жарым жылдыгында Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан бекитилген бюджеттен тышкары келип түшкөн 298600 сом акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан келип түшкөн 298600 сом акча каражатын пайдалануу жөнүндө Байзак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын 2015 жылдыгында Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан келип түшкөн 298600 сомдун сметасы бекитилип төмөндөгү 2- пунктагы багыттарга пайдаланылсын.
2. – Байзак айыл окмотунун квотасы менен окуп жаткан Жолдошбек уулу Элдиярдын окуусуна келишимдин негизинде 6000сом төлөгө
- Мектептин окуучуларына телевизор алып берүүгө 15000сом
- Орус класстын окуучуларына окуу китептерин алып берүүгө 30000сом
- Бала бакчага эмеректерди алуу үчүн МЕРСИКО бере турган акчага кошумча берүү үчүн 135200сом
- Бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүүдө курулушуна смета түзгөндүгү үчүн Ж. Алькановго 30000сом
- Суу бөлгүчкө диаметри 300мм болгон суу бөлгүчкө туура келген Винт алуу үчүн 32400сом
- Социалистик эмгектин баатыры Мырзакматов Акундун бюстун тургузуу үчүн 50000сом бөлүнсүн.
3. Бул каражатты каралган багытка жараша жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБне тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «Jumgal.kg» сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шурубеков |