Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 10/2
«Автандил уулу Айткул» атындагы бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Байзак айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү «Автандил уулу Айткул» бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү «Автандил уулу Айткул» бала бакчасына кошумча 30 (отуз) баланы камтыган 4-тайпа ачылсын.
2. Ноябрь, Декабр айлары үчүн тамак ашына акча каражатын төлөө жагы ата-энелерге милдеттендирилсин жана 2016-жылдан тартып айыл өкмөтүнүн бюджетине кийрүү жагы каралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жүнүтүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Төрага | Б. Шурубеков |