Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 10/3
Кызматттык унаа менен камсыз кылуу жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасы жок болгондугуна байланыштуу Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан кызматтык унаа менен камсыз кылуу жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасы жок болгондугуна байланыштуу Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан кызматтык унаа бөлүп берүү жагы суралсын.
2. Алынган унаа каражаты айыл өкмөтүнүн балансасына коюлуп аны кармоого кеткен чыгымдар үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Төрага | Б. Шурубеков |