Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-декабры № 12
Байзак айыл аймагынын жергиликтүү каражат эсебине 2015-жылдын 11 айынын жыйнтыгы менен сатуу салыгынан түшкөн акча каражаты жылдык бекитилген бюджеттен ашыкча чогулгандыгына байланыштуу 844,4 мин сом акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Сатуу салыгынан жылдык пландан ашык түшкөн 844,4 мин сом акча каражатын пайдалануу жөнүндө Байзак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын 2015- жылдын бюджетине пландан ашыкча чогултулган сатуу салыгынан келип тушкон 844,4 мин сомдун сметасы бекитилип төмөндөгү 2- пунктагы багыттарга пайдаланылсын.
2. – Мектепке тартылып келинген көмүр отуну үчүн 552,3 мин сом
-- Телекомго соттун чечимине ылайык электр чубалгыларын орнотуу үчүн алыган тирөөчтөрдүн акысы үчүн 12,1 мин сом
-- Айлана чөйрөнү коргоого 7,0 мин сом
-- Балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча даярдалып жаткан имараттын сметасын түзүүгө Алькановго 30,0 мин сом
-- Учурда ремонттолуп жаткан бала бакчанын чатырына жетпей жаткан материалдар үчүн 106,0 мин сом.
-- Бензин жана запчастар үчүн 15,0 сом
-- Командировкалык чыгымдар үчүн 35,0 мин сом
-- Социалдык фондго болгон береселер үчүн 47,0 мин сом
-- Башка чыгымдар үчүн 40,0 мин сом
3. Бул каражатты каралган багытка жараша жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБне тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «Jumgal.kg» сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шурубеков |