Редакцияот 05.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/182

Кочкор-Ата шаардык китепкана башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык китепкана башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык, сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык китепкана башчысы Ж.Арипованын кайрылуу каты эске алынсын.

2. Шаардык китепканага түстүү принтер алууга 15 000 ( он беш миң) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн , китепкананын сапар чыгымына берилген акча каражаты жылдырылсын.

3. Керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаар мэриясынын  каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага  милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышына көзмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Кочкор-Ата шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Б. Артыков