Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июлу № 88/ХIХ-26
Нурманбет айыл аймагында жайгашкан “Инструментальщик”, “Чистые росы”,Подснежник”дачаларында 2015-жылдын 8-июлунда өткөрүлгөн жыйындын чечимин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында Нурманбет айыл аймагында жайгашкан “Инструментальщик”,“Чистые росы”,Подснежник” дачаларында 2015-жылдын 8-июлунда жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жыйындын протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө Жобосунун” 2 бөлүмүнүн 3 пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл аймагында жайгашкан “Инструментальщик”,“Чистые росы”,Подснежник”дачаларында 2015-жылдын 8-июлунда дачаларга айыл статусун берүү жөнүндө өткөрүлгөн жыйындын чечими бекитилсин.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-Жобого ылайык кабыл алынган токтом жана башка тиешелүү болгон кошумча документтер Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |