Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 89/ХХ-26
Салыктарды,ижара акысын жана салык эмес төлөмдөрдү чогултуу боюнча каржы бөлүмүнүн жүргүзгөн иши жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С.Кочоралиеванын “Салыктарды,ижара акысын жана салык эмес төлөмдөрдү чогултуу боюнча каржы бөлүмүнүн жүргүзгөн иши жөнүндө” маалымдамасын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Кочоралиеванын “Салыктарды,ижара акысын жана салык эмес төлөмдөрдү чогултуу боюнча айыл бөлүмүнүн жүргүзгөн иши жөнүндө”маалымдамасы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Кочоралиевага:
-салыктардын бардык түрлөрү боюнча,ижара акысы жана салык эмес төлөмдөрдү жылдын аягына чейин планда каралган дэңгээлде чогултуу каржы экономикалык бөлүмүнүн адистерине тапшырылсын -2015-жылдын 30-октябрына чейин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин салыгы,ижара акысы 100%га аткарылуусу киреше боюнча башкы адис Д.Жолбуновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |