Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 90/ХХ-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2015 –жылдын 9-айында социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С Кочоралиеванын 2015-жылы социалдык-экономикалык өнугүү программасында кабыл алынган иш чаралардын аткарылышы жөнүндөгү маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымдамасы эске алынсын.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына:
-2016-жылга карата үлүштүк грантка долбоорлор дайындалып каржы министирлигине кароого 2015-жылдын 31-октябрына чейин жөнөтүү милдеттендирилсин
-А.Токтоналиев айылындагы көчөлөрдүн жолдоруна каралган каражаттын негизинде шагыл төгүлсүн
-планда кабыл алынган иш чаралардын калганын жыл аягына чейин аткаруу милдеттендирилсин
2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |