Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 92/ХХ-26
”Жайыт” комитетинин жүргүзгөн иши жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында “Жайыт” комитетинин аткарган иши боюнча “Жайыт” комитетинин жетекчиси А.Өмүралиевдин маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Жайыт” комитетинин аткарган иши боюнча маалымдамасы эске алынсын
2. ”Жайыт” комитетинин жетекчиси А.Өмүралиевге:
- ”Жайыт” комитетинин мындан аркы иштери активдештирилсин жана төмөндөгү иш чаралар аткарууга милдеттендирилсин:
- Жайыт пайдалануучулардын жайыт үчүн төлөмүн чогултуу тартипке келтирилсин жана төлөмдөр 100% аткарылсын.
- төлөм акыларын жыюу боюнча планды аткарып,жайыттарды жакшыртуу үчүн бериле турган чет өлкөлүк инвестицияларты тартып келүүгө тынымсыз аракеттер жүргүзүлсүн
- атайын бөлүнүп берилген кеңсенин оңдоп түзөө иштери бул айдын ичинде бүткөрүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |