Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 93/ХХ-26
Жер участогун которуу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айылынын №177 контурунда жайгашкан 3000кв.м жер участкасын “Айыл чарба багытындагы эмес жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга даярдалган документтер менен, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо тартиби жөнүндө” Убактылуу жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13-беренелеринин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №177 контурдагы 3000 кв.м жер участогу “Айыл чарба багытындагы эмес жерлери “ катергориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында бекитилүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |