Редакцияот 14.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айылдык кеңеши

 

2014-жылдын 14-февралы № 10/4

Депутаттардын санын кворумун аныктап регламенке өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы кворуму 7 депутат болуп бекитилсин.

2. Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенке өзгөртүү киргизүү Нарын облустук юстиция башкармалагынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырымын

 

Төрага

Ж. Молоев

 

 

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган Х сессиясынын 14-февраль 2014-жылдагы протоколунан КӨЧҮРМӨ.

 

Күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Ж Молоевдин билдирүүсү:

Урматтуу депутаттар! Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү киргизүүгө сунуш берилип, жумушчу топто каралып, Кеңештин сессиясына коюлуп жатат. Биз бүгүн депутаттардын санынын кворумун аныктап беришибиз керек, же болбосо депутаттардын санынын кворуму 7 адамдан болсун деген сунуш түшүп жатат, оюңуздарды айтсаңыздар.

Жумабаев К.–айылдык Кеңештин депутаты, жумушчу топ карады, 7 адамдан кворум болсун деген сунушун колдойбуз кворум 7 адамдан болсун.

Депутаттар 7 адамдан кворум болсун деген сунушту колдошту. Тиешелүү токтом кабыл алынды,  токтом тиркелет.

 

Төрага

Ж. Молоев