Редакцияот 04.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көлдүк айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2014-жылдын 4-марты № 5

Көлдүк айыл аймагындагы жашоочулардын мал-жандыктарын эмдөө жүргүзүүнүн тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Ош облусунун аймагындагы эпизоотиялык абалды алдын-алуу жана туруктуулугун сактоо жөнүндө” №77-б буйругун ишке ашыруу жөнүндөгү Көлдүк айыл өкмөтүнүн башкы адиси-ветврачы М. Ибраевдин кайрылуу каты Көлдүк айылдык кеңешинин “Айыл- чарба, жер, маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин  негизинде Көлдүк айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Ош облусунун аймагындагы эпизоотиялык абалды алдын-алуу жана туруктуулугун сактоо жөнүндө” № буйругун ишке ашыруу максатында Көлдүк айылдык кеңешинин тургундарынын мал-жандыктарын Көлдүк айыл аймагынын аймагындагы ветеринардык сервистер тарабынан эмдөөнүн төмөндөгүдөй тарифтик өлчөмдөрү бекитилсин:

-       бир баш жылкы, кара мал үчүн элүү сомго чейин;

-       бир баш кой, эчки үчүн жыйырма сомго чейин;

-       бир баш ит, мышык үчүн жетимиш сого чейин;

-       бир баш тоок-канаттууларга беш сомго чейин.

2. Бул токтомду аткарууга алуу Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы М. Молдокасымовко милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл- чарба, жер, маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына жүктүлсүн.

 

Көлдүк айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

С. Молдалиев