Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги X сессиясы
2014-жылдын 19-апрели № 3/7
Шарк айыл округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014 жылга карата иш планы жанадолбоордук бюджетинин болжолу жөнүндө
Шарк АО жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013 жылдагы аткарган иштерин талкуулап 2014 жылга карата жайыт пайдалануунун жамааттык планын жана бюджетин карап жана талкуулап депутаттардын Шарк айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл округуну Жайыт комитетинин 2013 - жылдагы жыйынтыктарын эске алып 2014 жылга карата жайыт пайдалануунун жамааттык планы жактырылсын .
Шарк АО жайыт комитетинин 2014 жылга карата тузулгон долбоордук кети бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучуларга төмөндөкүлөр:
-Өзүнө бөлүнүн берилген жайытга гана мал-жандыктарын жаюусу;
-Мал-жандыктарын ветеринардык эмдөөдөн өткөрүүсү, жайытты пайдаланууда сарамжалдуу паайдаланууну жайыт кыртышын бузбоону;
-Жайытка чыгуусунан мурда алдын ала ЖКне кайрулуусун;
-Жайыт билет алууда жайыт төлөмүн 50 % алдын ала төлөөсүн;
-Жайыт пайдаланууда коргозулгон келишимдеки графикти сактоону милдеттендирилсин
-Жайыт төлөмүнүн өлчөмү төмөндөкүдөй белгиленсин:
-Бир шарттуу мал башына эсеп менен 125 сом тариф белгиленсин. Сырттагы АО дан келген жайыт пайдалануучуларга эки эсе тарифде белгиленсин.
-Уруксатсыз мал-жандыктарын жайытка алып чыккан адамдарга 1000 сомдон 5000 сомго чейин жазана белгиленсин.
Жайыт төлөмдөрүн оз убагында толобогон учурда 0,02 % ден 0,05 % өлчөмүнда пеня белгиленсин.
-Кышкы тоют камдоого 1 га учун 500 сом толом белгиленсин. Сырттан келген ЖПга 1000 сомдон толонсун.
-Жайытга мал-жандыктарын беруучулор менен жайыт пайдалануучунун ортосунда келишимде төмөндөкүлөр камтылсын:
келишим тузуу учурунда ветеринардык инспектор жана жайыт комитетинин мучолоору, депутаттардан катышкан комиссиянин
Мал багуучуга мал багуудагы эмгек акысынын ичинде жайыт толому кошо айыл кенешинин сессиясында бекитилген токтом негизинде белгиленсин.
-Келишим торт нускадан тузулуп ветеринардык инспектордо, малдын ээсинде, жайыт комитетинде бир нуска, комиссия торагасында бирден нуска болушу шарт.
-Мал - жандыктар олгон же жоголгон учурда учурда ушул эле комиссиянын чечими менен мыйзам аркылуу токтомдо коргозулгон пунктардын негизинде ишке ашырылсын.
6. Жайыт комитетине Карбан-Кол участогунун жана башка участоктордагы баруучу жолдорго кириш жерине контролдук тейлоо - каттоо посту куруу жуктолсун.
7. Ачы участогундо туризм боюнча кирген автоууналарга 200 сом белгиленсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын Шарк АО нун жайыт комитетинин төрагасы Н.Солтоиовго жүктөлсүн
9. Көзөмөлдөө жагы Шарк айылдык округунун жер жана айыл чарба боюнча орун басары А.Тагаевге милдеттендирилсин.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |