Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 12-февралы № 1
Шарк айылдык аймагынын Маданият айылындагы дыйкан чарбаларынын үлүш жерлери жөнүндө
1995-жылдагы жер реформасынын учурда Маданият айылынын 17 дыйкан чарбасынын мүчөлүрүнө Шил-били зонасынан 32,6га кайрак айдоо, 88,2га жер чабынды жалпысы 120,9 га жана Чил-Булак зонасынан 84,5 га кайрак айдоо, 40,0 га чеп чабынды үлүш жерлери берилип, учурунда ошол жерлерге катталгандыгына карабастан белгисиз себептер менен дыйкан чарбаларга эскертилбестен 2005-2007-жылдарда ошол Шил-били зонасынан берилген 32,6га кайрак айдоо, 88,2га чей чабынды жалпысы 120,9га үлүш жерлер Чил- Булак зонасында артыкча багы жерлер жок болгондугуна карабай үлүш жерлердин үстүнө отургузулуп, системалык кодтон өттү деп Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармалыгында каттоодон өткөрүлүп калган.
Ушул Шил-били зонасынан негизсиз жана мыйзам бузуулук менен Чил-Булак зонасынан которулган 32,6га кайрак айдоо, 88,2га чоп чабынды жалпысы 120,9га улугилеер аянттарын кайрадан Шил-били зонасына кечуруп, каттоодон өткөрүү үчүн сураган үлүш жер ээлеринин арызын жана аны караган Шарк айылдык кенешинин «Жер жана агрардык реформа, соода, курүлүш жана байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын аныктамасын карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1995-жылы жер реформасында Шарк айыл аймагынын Маданият айылынын дыйкан чарбаларына Шил-били участкасынан берилген 32,6га кайрак айдоо жана 88,2га чоп чабынды, жалпысы 120,9га үлүш жер аянттары өзгөрүүсүз өз ордунда Шил-били участкасында калтырылсын.
2. Дыйкан чарбалардын аталган үлүш жер аянттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кенешинин «Жер жана огрардык реформа, соода, курулуги жана байланыш боюнча» Туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |