Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 12-февралы № 2
Медресе айылынын тургуну Бердибеков Таланттын арызы жөнүндө
Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн 2004-жылдагы токтому болгондугуна карабай жер тилкесин бүгүнкү күнгө чейин албагандыктан Медресе айылындагы Ветеринардык станциянын жанындагы 500м2 жер тилкесине милициянын таяныч пункутун куруу тандаштырылып, бирок ал элдин суроо-талабы боюнча башка жерге курулуп, ал жер учурда бош болгондуктан аны жеке менчик турак-жай куруу үчүн сурап жазган айылдын тугуну Т.Бердибековдун арызын карап жана талкуулап, ошондой эле бул маселе боюнча Шарк айылдык кенешинин «Жер жана оргрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш» боюнча туруктуу комиссиянын аныктамасы жана тийиштүү мекеме-уюмдардын иш кагаздарына таянып Шарк айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медресе айылындагы Кара-Суу Ветеринардык станциясынын жанындагы 0,06га бош болуп, пайдаланылбай жаткан жер тилкеси айылдын тургуну Бердибеков Талантка жеке менчик уй салуу үчүн ажыратып берилсин.
2. Токтомду ишке ашыруу жагы Шарк айыл екметуне жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык Кенешинин «Жер жана агрардык реформа, соода куруу жана байланыш» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырьлсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |