Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 1-апрели № 3/3
Материалдык жардам сураган айыл тургундарынын арыздары жөнүндө
Айыл аймагынын оорулуу, үйү орттолгон жана турак жайы авариалык абалда болгон айыл тургундарынын арыздарын жана алар боюнча айылдык кенештин «Социалдык маселе, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм жана жатшар саясаты» боюнча туруктуу комиссиянын 30.03.2015-жылдагы отурумунун карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ташлак айылынын тургуну Юлдашева Махирага жүрөгүнө операция жасатуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен матералдык жардам катары 100,0 (бир жуз) миң сом акча каражаты берилсин.
2. Шарк айылынын «Балтабаев» көчөсүнүн тургуну Амажанова Зарифага шал болуп калган күйөөсүн Бишкек шаарында дарылатуу үчүн 30,0 (отуз) миң сом материалдык жардам берилсин.
3. Ташлак айылынын «А.Ниязов» көчөсүнүн тургуну Юлдашева Диларамга жалгыз баласы Юлдашев Зинатулланын башына операция жасатууга 50,0 (элуу) миң сом материалдык жардам берилсин.
4. Шарк айылынын «Ош-ЗООО» көчөсүнүн тургуну Рахманова Зарифага онкологоялык оорусун дарылатууга 20,0 (жыйырма) миң сом акча каражаты берилсин.
5. Ташлак айылынын «Памирская » көчөсүнүн тургуну Кадирова Мухаего тубаса журек оорулуу баласына операция жасатуу үчүн 50,0 (элуу) миң сом материалдык жардам берилсин.
6. Шарк айылынын «Сармазар» көчөсүнүн тургуну Ишанов Кимсанбайга ерттелуп кеткен үйүн кайра курууга 50,0(элуу) миң сом акча каражаты берилсин.
7. Падаван айылынын «Навбахор» көчөсүнүн тургуну Тургунова Мамлакатхонга күйүп кеткен үйүн калыбына келтирууге 50,0 (элуу) миң сом акча каражаты берилсин.
8. Ташлак айылынын «А.Ниязов» көчөсүнүн тургуну Маматбубваев Алиге баласы үчүн салган үйү күйүп кеткендиетен, анны калыбына келтируу үчүн 15,0 (он беш) миң сом материалдык жардам берилсин.
9. Шарк айылынын «Орзу» көчөсүнүн тургуну, турмушу оор Атабаева Азадаханга үйүнун чатырынан суу отуп турак-жайы авариалык абалга келгендиктен аны ремонт кылуу үчүн 20,0 (жыйырма) миң сом болуп берилсин.
10. Падаван айылынын Азимова №18 үйүнун жашоочусу турмушу оор Ганиевага 20 (жыйырма) миң сом материалдык жардам белуп берилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кенешинин «Бюджет, муниципиалдык менчик жана финансы-экономикалык онугуу » боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |