Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги ХXII сессиясы
2015-жылдын 17-ноябры № 22-1
Мирмахмудов айылдык округу, Барын айылынын «Позил Косимов», «Чашма», «Алмазар», «Алижан» жана «Уста Рахмонберди» дыйкан чарба мүчөлөрүнүн Ташкоргон автосервисиндеги улушко бөлүнгөн жерлерин Мирмахмудов айылдык округунун муниципальдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы» жөнүндөгү мыйзамдарынын 31 – беренесинин 5 – пунктунун белгиленген аймактарды социальдык – экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү жана жаштардын ден соолугун чыңдоо, билимин өркүндөтү максатында айыл аймагындагы социалдык инфраструктураларды өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитуу жана алардын аткарылышына контролдук кылуу жөнүндөгү ушул берененин 3 – пунктуна ылайык , Таш коргон участкасындагы балдар бакчасына ажыратылган жерди кеңейтуу, спорт аянтын өркүндөтүү максатында жана Барын айылынын «Позил Косимов», «Чашма», «Алмазар», «Алижан» жана «Уста Рахмонберди» дыйкан чарба мүчөлөрүнүн макулдугу менен 2013 – жылдын 13 – майындагы Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясында кабыл алынган № 4/4 токтомунда көрсөтүлгөн Барын айылынын тургундарынын мүлкүндө болгон жерлерден балдар бакчасын куруу үчүн ажыратып берилген 0,35 га жерине балдар бакчасын аянтын кеңейтүү максатында кошумча 0,45 га жерди Мирмахмудов айылдык округунун муниципальдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы» жөнүндөгү мыйзамдарынын 31 – беренесинин 5 – пунктунун белгиленген аймактарды социальдык – экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү жана жаштардын ден соолугун чыңдоо, билимин өркүндөтү максатында айыл аймагындагы социалдык инфраструктураларды өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитуу жана алардын аткарылышына контролдук кылуу жөнүндөгү ушул берененин 3 – пунктуна ылайык жана Барын айылынын «Позил Косимов», «Чашма», «Алмазар», «Алижан» жана «Уста Рахмонберди» дыйкан чарба мүчөлөрүнүн улушуно бөлүнгөн жерден балдар бакчасын аянтын кеңейтүү максатында 0,45 га жер Мирмахмудов айылдык округунун муниципалдык менчигине откоруп берилсин;
2. Өткөрүп берилген жерде курула турган социалдык объектилердин курулушун көзөмөлдөп алып баруу жана аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектоочу адиси Ю. Саитбаевке жана тийешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын;
3. Ошол токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Мирмахмудов айыл өкмөтү, Барын айылынын айыл башчысы А. Досмаматовко тапшырылсын;
4. Ажыратып берилген жер участогун чиймелерин чийип, бардык тийешелуу иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык Кеңешинин төрагасы Н. Холбуваевке жана туруктуу комиссияга тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |