Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 16-сентябры № XVIII/II
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү К.Жусупов атындагы орто мектебинин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып. сүйлөгөндөрдүн ой пикирлерин эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калыгул Жусупов атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси К.Исаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Калыгул Жусупов атындагы орто мектебинин директору В.Сулаймановага төмөндөгүлөр тапшырылсын:
-2015-2016-жылдагы окуу жылына карата мектептин ремонттун жүргүзүү максатында каралган 69.0 миң сом акча каражатын өз максатында чыгымдоону камсыздоо;
-К.Жусупов атындагы орто мектебинин кыш мезгилинде керектей турган 72,5тонна
көмүр отунунун чыгымдалышына көзөмөлдү күчөтүү;
-башталгыч класстардын окуучуларына берилип жаткан ысык тамактын менюсун көзөмөлгө алып, тамактын нормага ылайык берилишин камсыз кылуу;
-окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу;
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Сары-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.Нааматбеков |