Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 16-сентябры № XVIII/IV
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сары-ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султанованын билдирүүсүн угуп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылан-Арык айылындагы Ж.Сарыков атындагы клубдун ремонттун жасоо боюнча түрткү берүүчү грантка тапшырылган долбоор финансы министрлиги тарабынан жактырылгандыгына байланыштуу,Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинде клубдун ремонтуна 31112390 статьяда каралган 77,0миң сом,айылдын ген планына бюджетте 22221100 статьяда каралган 258,6 миң сом,бюджетте 22241100 статьяда көмүр алып келүүгө каралган акча каражатынан үнөмдөлгөн 23,2 миң сомдон 17,7 миң сом айылдын топосьёмкасын жасатууга,айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин окутууга 5,5миң сом, жыйынтыгында айылдын топосьёмкасын жасатууга 353,3миң сом 22154900 статьяга, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин окутууга 5,5миң сом 22153100 статьяга жылдырылсын.
2. 22154900 статьяга жылдырылган акча каражатынан 353,8миң сом акча каражатын Нарын райондук жерге жайгаштыруу экспедициясына айылдын топосёмкасын жасатуу үчүн,Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин окуу борборуна айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин окутууга 5,5 миң сом баардыгы 358,8миң сом акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мандат,экономикалык пландоо,бюджет.курулуш,байланыш,айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Нааматбеков |