Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 16-сентябры № XVIII/VI
Сары-Ой айыл аймагындагы күзгү эгин оруп жыюунун жүрүшү жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Нааматбековдун айыл аймагындагы күзгү эгин оруп жыюунун жүрүшү жөнүндөгү баяндамасын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн пикирлерин угуп айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл аймагындагы күзгү оруп жыюунун жүрүшү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Нааматбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Сары-Ой айыл аймагынын башчысы Ч.Жакыповка төмөндөгүлөр тапшырылсын.
- Оруп жыюунун жыйынтыгы боюнча так маалыматты алып тиешелүү органдарга маалымат берүүнү камсыз кылуу;
-Оруп жыюуну 2015-жылдын 20-сентябрына чейин жыйынтыктоо;
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу,мандат, экономикалык пландоо,бюджет,курулуш,байланыш, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Нааматбеков |