Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 2-ноябры № XX/I
Шагыл топурак алуучу, жана таштандыларды төгүүчү аянтын өлчөмүн аныктап берүү жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагында курулушка шагыл топурак алууну, таштандыларды төгүүнү тартиптештирүү максатында
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылан-Арык айылында курулуш курууга керектелүүчү шагыл топуракты алуу айылдын күн батыш жагындагы подстанциянын жанынан 2000м2, таштандыларды төгүүгө айылдын күн чыгыш жагындагы суу сакталуучу жайдын артынан 2000м2, Сары-Ой айылында шагыл топуракты алуу айылдын күн батыш жагынан 2000м2, таштандыларды төгүүгө Сары-Гоожагынан 2000м2 га жер аянтары бөлүнүпберилсин.
2. Сары-Ой айыл аймагында башка жерлерден шагыл топурак алууга,таштандыларды төгүүгө тыюу салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |