Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 2-ноябры № XX/IV
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата 2823 статьяга каралган 21300 сом акча каражатынан 15000 миң сом акча каражатын башка статьяга которуу жөнүндө
Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январына карата 2823 статьяга Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду министрлигинин Нарын район аралык сотуна кайрылган доо арызынын негизинде каралган акча каражатынан 15,0 миң сом акча каражаты Нарын райондук сотунун чечими чыкпагандыгына байланыштуу 22154900 статьяга которулсун.
2. Жылан-Арык айылында ФАП курууга даярдалган долбоордун инженердик геологиялык иштерин аткаруу үчүн жеке ишкер У.Чопонов менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 15,0 миң сом акча каражатын,келишимде көрсөтүлгөн талаптар аткарылгандан кийин тактап которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага тапшырылсын..
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |